Актер А.Сулайманов: «Илим, сен менден качан кечирим сурайсың? Билесиңби 4,5 жыл мурун мени жамандаганыңды» (видео)

Кыргызстандык белгилүү актёр Аскат Сулайманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү айрым блогерлерге нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, жакында таанышынын баласы ооруп, дарыланууга 130 миң доллар керек болгон. Таанышы блогерлерге кайрылганда, алар чогулган сумманын 25 пайызын өздөрүнө алуу талабын коюшкан.

Бул билдирүүгө жооп катары, мурдагы КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков социалдык тармакта комментарий жазып, Аскат Сулаймановду блогерлердин аттарын ачык айтууга чакырды. Ал: «Ушундай ыплас көрүнүштү айткан соң, ошол блогерлердин аттарын ачык эле айтыңыз», — деп белгиледи.

Мындан кийин, Аскат Сулайманов видео кайрылуу аркылуу Илим Карыпбековго жооп берип, 4-5 жыл мурун аны эл алдында уят кылганын айтып, качан кечирим сурай турганын сурады.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Илим Карыпбеков менен белгилүү ырчы Бек Борбиевдин ортосунда да социалдык тармактарда талаш-тартыш болгон. Анда Бек Борбиев КТРКнын ишин сынга алып, Илим Карыпбеков ага жооп кайтарган.

Учурда Аскат Сулайманов менен Илим Карыпбековдун ортосундагы бул пикир келишпестик коомчулукта талкуу жаратууда.

6 Февраль 2025 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча