Чолпон-Атада КМШга мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

Бажы кызматташтыгы жаатындагы маанилүү эл аралык иш-чарага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилери катышууда.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашып, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, келечек кадамдарды аныкташмакчы.

Иш-чараны Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ачып, ЕАЭБдин алкагында бажы кызматынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйынынан кийин Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өтмөкчү.

4 Июнь 2025 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча