Илон Масктын бир күндүк кирешеси 33 миллиарддан ашат…

Америкалык ишкер, инженер жана миллиардер, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, Teslaнын башкы директору; The Boring Company компаниясынын негиздөөчүсү; Neuralink жана OpenAIнин тең негиздөөчүсү жана Twitter (X) ээси Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында турат.

2021-жылдын 7-январында болжолдуу 185 миллиард долларлык байлыгы менен ал Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безосту экинчи орунга түртүп, биринчи жолу планетанын эң бай адамы болгон.

2021-жылдын 1-ноябрында ал тарыхта байлыгы 300 миллиард долларга жеткен биринчи адам болсо, 2024-жылдын ноябрына карата Масктын байлыгы 348 миллиард долларга бааланган. Ал эми 2024-жылдын 11-декабрында тарыхта 400 миллиард доллар байлыгы болгон биринчи адам болгон.

Анын кирешеси:

  • Жылдык: 8 745 040 678 150,00 сом
  • Айына: 728 753 389 845,83 сом
  • Аптасына: 168 173 859 195,19 сом
  • Күнүмдүк: 33 634 771 839,04 сомду түзөт.

21 Январь 2025 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча