Интимдик кызмат көрсөткөн 90 кыз аныкталып, дайынсыз жоголгон 2 жаран табылды

Бишкек шаарынын ИИБнын кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин шаардык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Притон» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүштү.

ИИБнын маалыматына ылайык, бул иш-чаранын максаты – интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларды жана бул ишке байланыштуу адамдарды аныктоо болгон. Иштин алкагында ыкчам кызматкерлер 50гө жакын мекемени, анын ичинде сауналарды, суткалык батирлерди, мейманканаларды жана болжолдуу борделдерди текшеришти.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча:
• интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 90 кыз аныкталды;
• 60 кылмыш иши ачылды;
• дайынсыз жоголгон 2 жаран табылды;
• Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 120га жакын административдик протокол түзүлдү;
• жалпы суммасы 500 миң сомго жакын айып салынды.

Эгерде сиз интимдик кызмат көрсөтүлүүчү жайлар же бул ишке байланышкан адамдар тууралуу маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуңузду сурайбыз:
• WhatsApp: 0 (701) 700-251
• Кезмет бөлүмү: 0 (312) 43-73-75

18 Январь 2025 жыл 12:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча