Үй-бүлөңөргө барып бала-чакаңарды карагыла! Автобус айдоочулары 8 сааттык ишке өтөт

Бишкек шаардык транспорт мекемесинин жетекчиси Талант Капаров автобус айдоочулары сегиз сааттык ишке өтөрүн билдирди.

Ал буга чейин айдоочулар 14 саат иштесе, эми кааласа-каалабаса да сегиз саатка өтөрүн белгиледи.

«Май куйган, машина жуудурган жерге туруп калдым» дебей автобусту токтотуп кете бергиле. Жуулбай калса, жууй турчу кызматкерлер жооп берет. Сегиз саат иштеп, андан кийин үй-бүлөңөргө барып бала-чакаңарды карагыла. Ушу жерде саат 8ден 11ге чейин бала үчүн жүрөбүз. Бирок тарбиясына көңүл бурбасак, тапкан акча бир тыйын. Ошол үчүн айдоочулар 8 саат иштеп, калган убактыңарды үй-бүлөгө, жеңелерге, келин балдарга бургула», — деген Капаров.

18 Апрель 2025 жыл 23:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча