
Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыктары негизинен айдоочунун күнөөсүнүн аркасынан келип чыгууда.
“Эң көп катталган жол кырсыктарынын ,басымдуу пайызы айдоочунун күнөөсү менен болгон кырсыктар. Карама-каршы тилкеге чыкканда, ылдамдыкты ашырганда, мас абалда унаа башкарганда кырсык окуялар көп катталууда. Ошондуктан президенттин коюлган тапшырмасы менен 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежеси боюнча сынак алуу каралууда. Азыркы учурда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, 14-апрелде комиссиянын биринчи отуруму өттү. Муну коомчулук да туура түшүнүүсү зарыл. Жолдон токтотуп алып эле биздин кызматкерлер сынак ала беришпейт. Кандайдыр бир олуттуу эреже бузуулар катталса, же унааны токтотуп текшергенде эреже бузуулары көп болсо айдоочудан сынак алынат”, — деди Бахрам Сайтходжаев.
Ошондой эле ал айдоочулардан сынак алууда “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иш алып барышаарын кошумчалады.
Белгиленгендей, дүйнөлүк статистикада жакынкы 20 жыл аралыгында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын көбөйүшүнө 60 пайыз кепилдик берилүүдө.
“Бир жылда дүйнө жүзү боюнча жол кырсыгынан эле 1 млн 300 миң адам каза болот. Бул статистикага ылайык, 24 секундада 1 адам каза болот дегенди түшүндүрөт. Ал эми 50-60 миллионго чейин адамдар ар кандай жаракаттарды алышат”, — деди ал.