Өлкөгө курулуш материалдарынын айрым түрүн алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Убактылуу тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Токтомдун максаты — ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тараптан импорттук атаандаштык шартында өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

16 Сентябрь 2026 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча