Мырзабек Жыпаркулов: Долбоордун жардамы менен ичүүчү суу тармагына 524,9 млн. АКШ доллар инвестиция тартылды

Биринчи Бишкек суу форумунда Кыргызстанды ичүүчү суу менен камсыздоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын өнүктүрүү программасын иштеп чыккан, ал көрсөтүлүүчү суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарынын сапатын жогорулатууга, негизги көйгөйлөрдү чечүүгө, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын келечектүү багыттары, милдеттери жана функциялары
2016-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Программанын алкагында жетишилген натыйжалар

Программаны ишке ашыруунун алкагында донорлордун инвестицияларын тартуу менен шаарларды жана айылдарды суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан донорлордун жардамы менен ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына 524,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Долбоордун аймактарында бирдей жеткиликтүүлүк жана кызматтардын сапатына мамилеси киргизилген. Техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу болгон учурларда, долбоорлор бардык долбоордук аймактарды орнотулган суу эсептегичтери менен (мурда колдонулган көчө түтүкчөлөрүнүн ордуна) жеке туташтыруулары менен камтууга багытталган, бул сууну үнөмдөөгө жана суунун жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен АРИС долбоорунун алкагында консультанттарды тартуу менен «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, ал учурда Жогорку Кеңеште каралууда.

Мындан тышкары, тышкы суу менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга жалпы талаптарды белгилөө жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Мамкурулуш ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндө курулуш нормаларынын жана курулуш эрежелеринин долбоорлорун иштеп чыгып, Мамлекеттик курулуш комитетинин буйругу менен бекитуу стадиясында турган 4 документ.
Ошондой эле учурда иштеп жаткан SIASAR Маалымат системасы – Айылдык суу менен камсыздоо жана канализация – биргелешкен демилге, анын стратегиялык максаты өлкөдөгү айыл жерлерин суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын салыштырып талдоо үчүн базалык, өркүндөтүлгөн маалыматтык инструментти түзүү болуп саналат.

Азыркы учурда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн жана башка эл аралык финансылык институттардан болжол менен 784 миллион АКШ доллары суммасында инвестиция тартуу планы даярдалды. Бул план инвестициялык долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууну карайт:

1-этап — 100-150 миллион доллар өлчөмүндө пилоттук долбоор (калкты камтуу — 300 миңге жакын адам)

2-этап — 300-450 миллион доллар өлчөмүндөгү негизги долбоор (калкты камтуу — 1,5 миллионго жакын адам)

3-этап – 200 млн доллар өлчөмүндөгү жыйынтыктоочу долбоор (калкты камтуу – 700 миңге жакын адам).

31 Май 2023 жыл 13:15

Тема боюнча