Нарын-Орук-Там жолуна кар көчкү түштү

Бүгүн Нарын облусунун Нарын районунда алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында Нарын – Орук-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.

Бактыга жараша табигый кубулуштан жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар Орук-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат.

Кар көчкүнү тазалоонун жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

7 Апрель 2025 жыл 22:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча