
Ноокенде “Чет элдик жаран” аталышындагы иш-чаранын негизинде, алты кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жыл башынан бери Ноокен РИИБдин тергөө кызматына Кочкор-Ата жана Ноокен райондорунун тургундары ар кандай буюмдарын жана майда мал жандыктарын белгисиз жарандарга уурдатап, тонотуп жибергендиктерин айтып кайрылышкан.
Натыйжада арыздануучулар 151 800 сомдук зыян тартышкан.
Аталган факты Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) жана 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
13-ноябрь күнү кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 2005 ж.т. У.А., 2006 ж.т. А.Ж., 1992 ж.т. А.С., жана 1983 ж.т. М.А. аттуу тургундары кармалып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми 30-ноябрда Ноокен райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.