Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткарат

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги министрлик болуп түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Максаты — архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарын натыйжалуу өнүктүрүү.

Мамкурулушту жетектеп келген Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткарып калды.

11 Февраль 2025 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча