Ош шаардык билим берүү мекемеси мамлекетке 9 млн. сомго жакын зыян келтирген (Видео)

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билим берүү тармагындагы коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүп жаткан системалуу иштеринин алкагында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К.Ташиев тарабынан үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Ош шаарында атайын техникаларды тапшыруу аземинде жарыяланган тапшырманын негизинде, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери «А.А.» бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө айлык акыларды жана башка төлөмдөрдү төмөнкү мектептердин кызматкерлерине жүргүзгөн: №24 М.Фрунзе атындагы орто мектеп, №42 «Керме-Тоо» орто мектеби, №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектеп, «Олимп» мектеп-гимназиясы, №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи жана №52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейи.
Алдын ала эсеп боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 940 684 сомду түздү.
Учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

21 Август 2025 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча