Ташиев: Жалал-Абад облусунда мыйзам бузган үч сот кармалды

Жалал-Абад облусунун үч судьясы кармалды

Бул тууралуу Сузак РИИБдин жаңы имаратынын ачылышында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

«Кечээ кечинде эле облустук соттун 3 судьясы кармалып, камалды. Ошол 3 сот дагы президенттин көзүнөн өткөн, Судьялар кеңешинен өткөн, көп жылдан бери кызмат кылып келген, таза кызмат кылабыз деп президенттин алдында убадасын беришкен. Бирок жеке кызыкчылыктарына берилип кетип мыйзам бузушту», — деди Ташиев.

УКМК төрагасы мамлекетке зыян келтиргендерге, коррупционерлерге эч кандай аёо болбой турганын айтты. Мындан тышкары, Судьялар кеңеши кармалгандарды жоопкерчиликке тартууга макулдук бергенин кошумчалады

25 Ноябрь 2024 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча