Текебаев: Германиянын темир жолунун кадр кризиси кыргыз жаштары үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк (видео)

Германиянын эң ири темир жол концерни Deutsche Bahn 2022-жылы 56,3 миллиард евро киреше алып, Европанын негизги транспорттук артериясын түзүп жатат. Бирок келечекте, Германиянын темир жол тармагында чоң кадр кризиси күтүлүүдө: кийинки 5–10 жылда көптөгөн кызматкерлер пенсияга чыгып, алардын ордуна квалификациялуу адистерди табуу кыйынчылыгы пайда болот.

Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси бул маселени чечүүнүн бир жолу катары чет өлкөлөр менен кызматташууну сунуштайт. Анын сөздөрү боюнча:

“Deutsche Bahn компаниясында 340 000 кызматкер иштейт, анын 231 000и Германияда. Жакынкы жылдары алардын көпчүлүгү пенсияга чыгып, темир жол тармагында миңдеген бош орундар пайда болот. Бул кырдаалды чечүүнүн бир жолу – чет өлкөлөр менен кызматташуу аркылуу жаңы кадрларды даярдоо. Мисалы, SLG SPITZKE LOGISTIK GmbH компаниясы Кыргызстанды келечектеги өнөктөш катары карап, 2024-жылы Кыргызстандын билим берүү министрлиги менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон.”

Өмүрбек Текебаев 2025-жылдын 6-мартында немис компаниясынын башкы кеңсесине барып, жетекчилик менен жолугуп, кыргыз машинисттерин жана темир жол тармагындагы башка адистерди даярдоо боюнча долбоорду талкуулады. Долбоордун негизги багыттары төмөнкүчө:

Немис тилин B2 деңгээлине чейин окутуу – Кыргызстанда жүргүзүлүүчү окуу программасы;
Кесиптик даярдоо – Германияда жүргүзүлүүчү практикалык даярдык.

Бул кызматташтык кыргыз-немис байланыштарын чыңдап, кыргызстандык адистерге Европада карьера куруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп эсептелет.

Өмүрбек Текебаевдын аракети темир жол тармагындагы кадр маселесин гана эмес, өлкөлөр ортосундагы билим берүү жана кесиптик даярдоо багытындагы кызматташтыктын актуалдуулугун баса белгилейт. Мындай долбоорлор келечекте эки өлкө үчүн да өзүнүн өнүгүүсүнө жана кызматкерлердин квалификациясынын жогорулашына өбөлгө түзөт.

7 Март 2025 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча