ЖК төрагасы Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте тейлөө кызматындагы баалар асман чапчып кеткенин айтты.
“Кафе, ресторан, чач тарач, такси жана башка тейлөө кызматтарынын баары эби жок кымбаттап кеткен. Биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан, Стамбулдан, Москвадан ашат. Бизнеске тоскоолдук жок, бирок бааны реалдуулукка алып келиш керек. Оюна келген бааны коюп жатышат, мониторинг жүргүзгүлө”, — деди спикер Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисине.
Женалы Орозбаев абалды көзөмөлгө алып, жооп берерин айтты.