Жол кырсыгынан 8 адам көз жумду

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, атайын техника (унаа-манипулятор) менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесептинен 8 адам, анын ичинде эки бала көз жумган.

28 Май 2023 жыл 10:41

Тема боюнча