1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло. Кыргыз жаш балбандары Азия чемпионатында 7 медаль жеңди

5-июлда Бишкек Арена муз аятчасында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-15) Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Иордания, Тайбей, Түркмөнстан жана Япониянын спортчулары катышты.

Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.

Алтын медалдын ээси:
85 кг Хасан Гасанов;

Күмүш медалдын ээлери:
38 кг Нурислам Шаимкулов;
62 кг Байел Асылбеков;

Коло медалдын ээлери:
44 кг Юсуф Баялиев;
48 кг Нурэл Өзгөнов;
57 кг Бакай Рустамов;
75 кг Нурдин Анаркулов.

7 Июль 2025 жыл 8:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча