1-сентябрдан тарта бардык мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат

 1-сентябрдан тарта бардык мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен өткөргөн онлайн-кеңешмеде билдирген.

Ал мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылганын айтып, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер «Күндөлүк» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журналды гана толтурушарын белгилеген. 

Эске салсак, быйылкы окуу жылынан тарта мектептерде 12 жылдык окуу башталмакчы.

6 Июль 2025 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча