10 баласы бар Талас Бегалиевдин апасы президенттен ырайым сурады (Видео)

14 жылга эркинен ажыратылган Талас Бегалиевдин апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, ырайым сурады. Анда апасы уулунун 10 баласы бар экенин айтып, күнөөсүз эле эркинен ажырап кеткенин билдирди. 

Эске салсак, Чүй облустук сотунун 23-апрелдеги чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. 

Маалыматка ылайык, Чүй облустук соту Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу»), 262-беренеси («Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу»), 263-берене («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») жана 222-беренеси («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)») боюнча айыптуу деп тапты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратты.

Талас Бегалиев сот залынан камакка алынды.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон.

24 Апрель 2026 жыл 10:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча