13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганбы? Депутат маселе көтөрдү

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Дубайга сойкулукка тартылып, кийин өз өмүрүнө кол салганы айтылган 13 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранды.

Эл өкүлү бул тууралуу өспүрүмдүн апасы кайрылганын жана ишти Каракол шаардык милициясы тергеп жатканын айтты.

Анда Сурабалдиева кызды жакындары эле ушул жолго түрткөнүн апасынын айткандарына таянып билдирди.

«Акыркы убакта үрөй учурган, кейиштүү окуялар болуп жатат. Ушуну өкмөт өз көзөмөлүңүздөргө алып бериңиздер. Апасы абдан ыйлап, жаман болуп жатат», — деди депутат.

22 Апрель 2026 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча