2 адам каза тапты. Бишкекте карылар үйүнөн өрт чыкты

Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоонун кесепетинен 2 адам каза таап, 15 адам эвакуацияланды.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

6 Январь 2026 жыл 21:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча