
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) Азия чемпионатында 2 алтын, 4 күмүш, 4 коло медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жатат.
Алтын медаль ээлери:
87 кг Асан Жанышов;
97 кг Нурманбет Раймалы уулу.
Күмүш медаль ээлери:
55 кг Нурболот Бердикулов;
67 кг Байман Каримов;
72 кг Кутман Темирбеков;
82 кг Бекзат Орункул уулу;
Коло медаль ээлери:
60 кг Курманбек Жапаров;
63 кг Баяман Апилов;
77 кг Эрлан Марс уулу;
130 кг Нурболот Токтогонов.
Курама команда улук машыктыруучу Атай Замирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.