Эртең, 23-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21
Бишкек шаарында түнкүсүн 13…15°, күндүз 18…20° болот.