Айпери Медет кызы Түркиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн беделдүү Yaşar Doğu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, бул турнир дүйнөдөгү эң күчтүү балбандар катышкан рейтингдик мелдештердин катарына кирет.

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүп, финалда болгариялык Ванесса Стоянова-Георгиеваны  жеңип алды.

29 Июнь 2025 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча