Мейманканада үч кыз сабалган окуя. «Шератон» эмне дейт?

Бишкекте мейманканада үч кыз сабалган окуя боюнча Sheraton Bishkek түшүндүрмө таратты.
Анда окуя болгон учурда коопсуздук кызматкерлери ыкчам аралашып, тараптардын кагылышынын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көргөнү жазылган.

«Биз болгон окуяга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek мейманканасы түрдүү зомбулукту — өзгөчө аялдарга карата зомбулукту кескин айыптайт, биздин бардык конокторубуз жана кызматкерлерибиз үчүн коопсуз жана бейпилдик атмосферасын камсыз кылууну өзүнүн негизги милдети деп эсептейт», — деп билдирди мейманкана.

Түшүндүрмөдө мейманкананын видеокөзөмөл камераларынан окуяга байланыштуу бардык кадрлар толугу менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлерине берилгени, окуя болгон учурда токтоосуз милиция чакырылганы кошумчаланган. Мейманкананын администрациясы тергөө менен кызматташып жатканын маалымдап, айыптуулар жазаланат деген үмүтүн билдирген.

Белгилей кетчуп,буга чейин соцтармактарда «Шератон» мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма тараган.

Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова сегиз киши кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан адамды сабап салганын, бул учурда мейманкананын коопсуздук кызматкерлери аралашпай, четте турушканын жазган.

Ал Эми кийинчерээк бул окуяга шектелип бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалганы кабарланды. 

4 Июль 2025 жыл 17:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча