Кафе менен ресторандар тейлөө үчүн алып жүргөн 15% төлөм жокко чыгарылабы?

Кафе-ресторандарда тейлөө үчүн алынган акы жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирген.

Андагы маалыматка караганда “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат.

“Мына биздин кафе-ресторандар 15% тейлөөгө деген төлөмдү каяктан чыгарып алышканын түшүнбөйм. Бирок буга байланыштуу биздин мыйзамдарда дагы тыюу жок экен. Азыр аны жокко чыгаруу боюнча мыйзамга толуктоо киргени жатат. Бул боюнча президенттин администрациясынан дагы көрсөтмө болуп, биз Юстиция министрлиги менен макулдашып, тиешелүү сунуш киргиздик. Негизи кардар каалабаган нерсени таңуулаганга эч кимдин акысы жок”, – деген Жээналы Орозбаев.

Ал кошумчалагандай, кафе-ресторандар жана ашканалар кардарларга тамак-аш баасынан сырткары тейлөөгө деген негиз менен 15%га чейин кошуп алган, кардар өзү сурабаган: музыка, отурган жай жана башка таңууланган кызматтар үчүн акча талап кылган өнөкөттү мыйзам менен жокко чыгарып, жөнгө салуу демилгеси ишке ашырылат.

1 Август 2025 жыл 14:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча