
Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, эртең, 21-майда Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5…+9, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +4…+7; күндүз +23…+25.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз +31…+33 градус ысыйт.