БИШКЕКТЕ УНААДАН ЧЫККАН ТҮТҮНДҮН ЗЫЯНДУУЛУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

Борбор калабыз Бишкекте абаны жакшыртуу максатында унаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Ал эми мындай иш-чаранын башкы максаты- экологиялык талаптарды бузган тарнспорт каражаттарын көзөмөлдөп, абанын булганышын азайтуу болуп саналат. Рейддин жүрүшүндө түтүндүн зыяндуулугу атайын түтүн өлчөөчү жабдуулар менен текшерилди. Эреже боюнча көрсөткүчтүн жол берилген ченеми 50 пайыздан ашпашы керек. Эгер андан жогору болсо, анда ал атмосфералык абанын булганышына алып келет.

Ал эми унаадан чыккан түтүндөн булганган абадагы зыяндуу заттарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаранын жүрүшүндө а дегенде эле абага зыяндуу  заттарды ашыкча бөлүп чыгарган 2 унаа аныкталып, мыйзамга ылайык протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ал эми автотранспорт каражаттары тарабынан атмосферага зыяндуу заттар чыгарылган учурда айдоочуга “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7 жарым миң, юридикалык жактарга 23 миң айып пул салынат.

10 Сентябрь 2025 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча