Президент жеке автомектеп ээлеринин нааразычылыгына жооп берди

Президент Садыр Жапаров жеке автомектеп ээлери “биздин бизнес жабылып жатат” деп нааразы болгондорго “Кабар” агенттигине берген маегинде жооп берди.

“Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок, жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз”,-деди Жапаров.

28 Январь 2026 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча