Кыргызстанда Курман айт качан майрамдалары белгилүү болду

Быйылкы Курман айт 26 же 27-май күндөрүнө туш келиши мүмкүн. 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так дата майрамга жакын аныкталарын билдирди. 

Мусулмандардын негизги майрамдарынын биринин датасы ай календары боюнча аныкталат жана жыл сайын өзгөрүп турат. Курман айт ажылыктын аякташын символдоштуруп, курмандык чалуу жана кайрымдуулук сыяктуу салттуу жөрөлгөлөр менен коштолот.

Күтүлгөндөй эле, майрам күнү расмий эс алуу күнү деп жарыяланат.

Эске салсак, Орозо айт 20-мартта өткөн.

28 Апрель 2026 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча