Аба ырайына байланыштуу ашууларда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Республика аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айрым жол тилкелеринде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди
2025-жылдын 5-ноябрында республика аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө (кар жаашы, бороон, муз тоңуу ж.б.) байланыштуу Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусундагы 60-чакырымында, ошондой эле “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жол каттамынын ачылышы тууралуу кошумча маалымат кошумча билдирүү аркылуу берилет.
Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу суралат.

5 Ноябрь 2025 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча