
«Сот менен милицияда байланышыбыз бар. Акча берсеңиз-уулуңузду абактан чыгарып беребиз…» Абакта отурган баласын чыгарып берүүнү убадалап, кыйын кырдаалда турган энеден акча талап кылган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургунуна абакта отурган баласын чыгарууну убадалашып, белгисиз аялдар ал кызматы үчун акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлерине түшкөн. Баласы абакта отурган жарандын милицияга берген маалыматына караганда белгисиз аялдар ал кызматы үчүн 40 миң сом жана 6 миң доллар акча талап кылышкан. Акча талап кылгандар тергөө кызматы, соттор менен жакын мамиледе экендиктерин, 40 миң сомду өздөрү, ал эми 6 миң сомду сот тармагында иштеген “таасирдүү” “Руслан” аттуу адамга бере тургандыгын айтышып акча табууну тездетип берүүнү талап кыла баштаган. Баласын чыгарып албаса, баласы узак мөөнөткө камалып кете тургандыктарын айтып коркутушкан.Кийинчерээк долларды 6 миңден 4 миңге түшүрушкөн.
Бул маалымат Ош ШИИБне катталып, жабырлануучудан арыз алынган. Акча талап кылуу маалыматтарын тактоо иретинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө тарабынан бир нече тиешелүү ыкчам иштер жүргүзүлгөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан акча талап кылган эки аялдын өздүгү аныкуталган. Алар 2003-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну К.Ф. жана Ош облусунун Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну А. кызы А. экендиги, алардын тергөө же сот органдарында таптакыр иштебешендиги, тиешеси жок экендиги аныкталган. Алар, жабырлануучунун уулу абакта отургандыгынан, оор психологиялык абалда экендигинен пайдаланышып акча алдап алууну көздөп жаткандыгы аныкталган.
2025-жылы, 15-май күнү К.Ф. жана А. кызы А. жана жабырлануучуга кайрадан байланышка чыгып, 40 миң сом акчаны жана 4 миң долларды Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндогү даректердин бирине алып келүүну талап кылышкан. Бул акчалар баласынын абактан чыгуусуна, жумшаларын айтышкан.
Аталган дарекке барган учурда шектүүлөр К.Ф. жана А.кызы А. 40 миң сом акчаны алышып, ошол жерде “сотто иштеген таасирдүү “Руслан” аттуу адамга” чалышып, 4 миң долларды азыр алып бара жатышканын айтышкан. Руслан аларды Ош шаарынын чыгыш тарапка чыга беришиндеги “Дубай” аттуу кафенин алдына чакырган.
Аталган “Дубай” кафесинин алдында 4 миң доллар акчаны алган учурда “Руслан” жана шектүү аялдар кармалышкан. К.Ф. аттуу аялдан мурдараак талап кылып алган 40 мин сом, ал эми “Руслан” аттуу жарандын жанынан 4 миң доллар алынган
Өзүн сот тармагында иштеген таасирдүү адам катары көрсотүп, акча талап кылып жаткан “Руслан” аттуу жарандын дагы өздүгү аныкталган. Ал Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган тургуну, ушул жылдын 1-февралынан тартып Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан шектүү катары издөөдө жүргөн О.А. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Кармалган К.Ф., А.кызы А. жана О.А. аттуу жарандар Ош шаарынын ичкуи иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда алардын үстүнөн КР кылмыш кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Кармалган шектүүлөргө Ош шаарынын соту тарабынан 1-июнга чейин абакта кармоо чечими чыгарылган.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлумү бул жарандардан жабыркагандар болсо бөлүмгө кайрылууну суранат жана кыйын кырдаалдан пайдаланып, акча табууну көздөгөн мындай шылуундардан сак болууга чакырат.