Афганистандагы жер титирөөдөн кийин 500 миңдей адам меджардамга муктаж

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, Афганистанда болгон жер титирөөдөн кийин 498 миңден ашуун адамга тез медициналык жардам зарыл. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет.

Ошондой эле, 11 600дөн ашуун кош бойлуу аялдар азыркы учурда убактылуу баш калкалоочу жайларда жана начар санитардык шарттарда жашап жатышат.

ДССУнун эксперттери белгилешкендей, бул табигый кырсыктан эң көп аялдар жана кыздар жабыркаган. Алар негизги кызматтарга жетүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда жана медициналык мекемелер менен лагерлерде аялдарга ылайыкталган бөлмөлөр жетишсиз. Ошол эле учурда жабыркап ооруканада жаткан бейтаптардын 35%ын аялдар түзөт.

Белгилей кетсек, 31-августта Афганистандын Гиндукуш тоолорунда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, бүтүндөй айылдарды жок кылган. Ошондой эле зилзалада 2,2 миңден ашуун адам каза таап, 3,6 миңдей адам жаракат алган.

12 Сентябрь 2025 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча