Агамды тынч жаткан жеринен бир козгоптурсуңар… Чыңгыз Айтматовдун карындашы үн катты

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер, билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Роза Айтматова акыркы күндөрү интернет мейкиндигинде жана коомчулук арасында айтылып жаткан кептерге тынчсыздануусун билдирди.

«Агамдын көзү өткөнүнө 17 жыл болсо да, маркумдун жанын койбой, айрымдары аны сөз кылып, табакташ же дос болгонсуп сүйлөп, аны сынга алышыптыр. “Көзү өтүп кеткен адам жөнүндө жаман сөз айтууга болбойт” дешет элде, бирок болор иш болду. Агамды тынч жаткан жеринен бир козгоптурсуңар… Бир кезде, 1991-жылы Ата-Бейит ачылганда, атамды жазыксыз аткандарды да кечиргем. Бул адамдарды да кечирдим. Бирок ички туюмумда, булар кыргыз элине каршы иш жүргүзүп, элдин ортосуна чок салып жатышат. Балким, максаттары ошолбу, ким билет? Баарын Кудайга калтырдым… Мен быйыл 89 жашка чыгам. Көп нерсени башымдан өткөрдүм: жакшысы да болду, жаманы да болду. Турмуштун өйдө-төмөнүн да көрдүм. Бирок бирөө да мени ушунчалык катуу кайгыга салган жок эле… Атам камалып, атылып кеткенден кийин биздин үй-бүлө өтө оор шартта жашады. Ачарчылыкты да, жокчулукту да көрдүк. Абдан кыйналдык. “Эл душманынын балдары” деп совет өкмөтү бизди катуу кордоду. Бирок кыргыз элиме чоң рахмат! Атамдын туугандарына рахмат! Шекер элине, Талас элине миң мертебе ыраазымын! Алар болбосо, бар болот белек… бир гана Кудай билет. Элдин аркасы менен аман калдык»,- деп билдирди ал.

Айтматова апасы тууралуу да айтып, кыргыз экенин тааныткан адам ошол болгонунун белгиледи.

26 Январь 2026 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча