Айдоочулардын эсине! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМден билдиришкендей, төмөнкү тилкелерде сак болуу зарыл:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

14 Апрель 2026 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча