Айдоочулардын эсине! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5 Март 2026 жыл 10:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча