Айдоочулардын эсине! Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт

6-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдунт 3901-чакырымында) кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.

Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Ишкана жарандарды сапарга чыгарда алдын ала пландоону суранат.

3 Апрель 2026 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча