Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

6-октябрдан 10-октябрга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында — Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен темир жолдун 3 898-чакырымында жүргүзүлөт.

Иш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылып турат. Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. 

Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлүп турат.

3 Октябрь 2025 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча