Айдоочулук күбөлүк боюнча тема Жогорку Кеңеште толук жабылды. Эми чет өлкөлөрдө көйгөй жаралбайт (Видео)

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев айдоочулук күбөлүк темасы толук чечилгенин, ал чет өлкөдө көйгөй жаратпай тургандыгын билдирди.

Ал “Айдоочулук күбөлүк боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага тиешелүү мекемелердин жетекчилеринен толук маалымат алганбыз. Анда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрү башка мамлекеттерге өз убагында мааалымдалган. Тактап айтканда биздин айдоочулук күбөлүгүбүз Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп берет. Мындан улам бул меселени көтөрбөй эле толук жаап койсок болот.” деп билдирди.

8 Апрель 2026 жыл 11:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча