Айылдашынын үйүнөн акча уурдаган 26 жаштагы жаран кармалды

Айылдашынын үйүнүн ичинен акчасын уурдаганга шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

“Кадамжай районунун Исфайрам айылынын 36 жаштагы тургунунун жашаган үйүнөн 2025-жылдын 7-сентябрь күнү түн ичинде 30000 (отуз миң) сом акчасын белгисиз адам уурдап кеткендиги боюнча Кадамжай РИИБне маалымат катталат.
Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүргүзгөндүгүнүн негизинде кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну Ж.Ж. аттуу жаран кармалды. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

9 Сентябрь 2025 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча