Айып пул 1000 сом. Өлкөдө бир жумада коопсуздук курун тагынбаган 400 миңдей учур катталды

Кыргызстанда бир жумада коопсуздук курун тагынбаган 400 миңден ашуун айдоочу жана жүргүнчү аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан баштап «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык системалар коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү каттоого ала баштады. Бул фото жана видео байкоо системалары аркылуу ишке ашырылат.

Бул функция ишке кирген күндөн тартып, бир жума аралыгында жалпы өлкө аймагында 400 миңден ашуун коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр аныкталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол эрежесин так сактоого жана коопсуздук үчүн коопсуздук курун тагынууга чакырат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бул мыйзам бузуу үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

7 Октябрь 2025 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча