АКШда мигранттарга 1000 доллар сунушталды. Себеби

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) «майрам алдындагы акциянын» алкагында мыйзамсыз мигранттарга мекенине кайтуу үчүн миң доллар сунуштоодо, деп билдирет РИА Новости.

DHS тарабынан X социалдык түйүндөрүндө жарыяланган видеодо агенттик мигранттардан телефондоруна атайын тиркемени жүктөп алып, жеке маалыматтарын толтурууну суранат. Андан кийин Улуттук коопсуздук министрлиги документтерин даярдап, мигрант мекенине кайтып баргандан кийин 1000 доллар төлөп берүүнү убада кылууда.

«Сезондун мыкты сунушун колдонуңуз — мекениңизге акысыз учуу жана миң доллар,» — деп айтылат жарнамалык ролик стилинде жасалган видеодо.

Дональд Трамп АКШ 47-президенти кызматындагы биринчи сөзүндө инаугурация болгон күнү Американын аймагына мыйзамсыз кирүүнү дароо токтотууну жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоону убада кылган. Ошондой эле ал Кошмо Штаттардын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

3 Декабрь 2025 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча