«Ала качуу» беренесин «адам уурдоо» деп өзгөртүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мыйзамга «ала качуу» деп жазууга каршы болууда.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «Никеге туруу максатында ала качуу» деп жазылган, эл өкүлү аны «Никеге туруу максатында адамды уурдоо» деп өзгөртүүнү сунуштады. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү кыз өзү макул болгон учурда гана ала качышарын, андыктан мындай термин эл арасында анча мааниге ээ эместигин айтууда.

Документтин маалыматтык негиздемесинде кыз турмушка чыгууга макул болуп, бирок төмөнкүдөй жагдай жаралганда ала качуу уюштурулары жазылган:

— кыз өзү тандаган жигитке ата-энеси бербей койгондо;

— күйөөнүн же колуктунун туугандары куда түшүү, кыз узатуу, үйлөнүү той өткөрүүгө каражаты жетпесе;

— бирөөсүнүн жакын туугандары дүйнөдөн өтүп той өткөрүүгө мүмкүн болбогондо.

Укук коргоо органдары дагы ушундай түшүнүк менен карап ала качууга көп көңүл бурбай жатканы белгиленди.

25 Январь 2024 жыл 14:56

Тема боюнча