Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан борбор калаадагы суулардын жээгине салынган обьектилердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер башталды. Мисалы, аталган башкармалыктын жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Төрөкул Айтматов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан 11 күркө муниципалдык аймакка, тактап айтканда Аламүдүн дарыясынын жээгине чейин кеңейтилип салынганы аныкталган. Атүгүл айрым күркөлөр 1 метрден 7 метрге чейин чыгып кеткени белгилүү болду. Ага ылайык, аталган башкармалык бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин кызуу баштады.