“Ар бир мектепке жеткирилет”. Билим берүү министри окуу китебин сатып албай турууга чакырды

Китептерди мектептерге жеткиргенче, башкасын сатып албоого шашылбоо керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал окуучуларды жана мугалимдерди электрондук ресурстар аркылуу электрондук китептерди телефонго акысыз көчүрүп алып, же онлайн түрдө убактылуу колдонуп турууга чакырды.

“Китеп сатып албай туруңуздар. “Учкун” ишканасы жана биздин адистер күнү-түнү иштеп жатат. Ошондуктан басылып жаткан китептерди жеткизгенче https://kitep.edu.kg/ сайтындагы китептердин электрондук вариантын убактылуу колдонуп турууну сунуштайбыз”, — деди министрдин орун басары.

«Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, 1,2,5,7-класстарга окуу китептери толугу менен басып чыгарылат. Анткени кайсы мектепте канча бала окуйт саналып, такталган. Ошого жараша буюртма берилген. Ал эми англис тили сабагы боюнча 3-класстан 9-класска чейин китептер чыгып, мектептерге толугу менен жеткирилди.

“Китеп басып чыгарарда биз ар бир мектеп боюнча маалымат чогултуп, ага дагы 10 пайыз кошобуз. Ошентип буюртмага бериле турган китептин жалпы саны чыгат. Жаңы китептер чыгары менен мектептерге жеткирилет жана бардыгына толугу менен жетет. Эгерде жетпей калган китептер болсо, улам басылган сайын жеткирип берсек, китеп көйгөйүн чечебиз деп ишенебиз”, — дейт Төлөгөн Аматов.

26 Август 2025 жыл 16:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча