Ошто төрт эм жарык дүйнөгө келди

12-март күнү Ош облус аралык ооруканасынын төрөт стационарында 26 жаштагы келин операция жолу менен төрт эм төрөдү.

Ымыркайлардын бири уул бала, үчөө — кыз. Маалыматты Ош облустук администрациясы 18-мартта таратты.

Ымыркайлардын энеси — Араван районундагы Төбө-Коргон айылынын тургуну. Маалыматка ылайык, төрт эм жубайлардын тун перзенттери.

Мөөнөтүнөн эрте — 32 жумалыгында жарык дүйнөгө келген наристелердин салмагы: кыз — 1830 г, уул — 1815 г, кыз — 1520 г, кыз — 1500 г.

Ош облус аралык клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев учурда эненин да, ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

19 Март 2026 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча