“Ашар бирикмеси” фондунун директору кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.

2025-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан фонддун кеңсесинде анын ишеничине кирип, 3 миллион сом акча каражатын турак жай алуу үчүн каржылап берем деп алдоо жолу менен 183 миң 200 сомун алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай жүрөт деп билдирген. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катарында 2000-жылы туулган К.А. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары азыркы учурда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. карата 11 кылмыш иши козголуп, жана кароодо 4 тергөөгө чейинки текшерүү материалдары бар.

Бүгүнкү күндө жогорудагы айтылган кылмыш иштери боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым жалпысынан 4 миллион 681 миң 200 сомду түзөт.

6 Сентябрь 2025 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча