Ашууларда абал кандай?

Бүгүн, 25-февраль саат 09:00 республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, учурда каттам бар.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар. Бул тууралуу ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.
Кечээ, 24-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-297-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайындагы кар көчкү жүрүү коркунучу бар тилкесинде кар көчкүлөрдү атайлап түшүрүү үчүн 8 жолу аттыруу жүрүп, бирок көчкү түшкөн жок. №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү техникалар тартылып, атайын кар тазалоочу техникалар даярдалып, жумушчулар тартылган. Буга байланыштуу аталган жолдун убактылуу жабылган тилкеси ачылды.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

25 Февраль 2026 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча