Ашуулардагы абал кандай?

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Суусамыр – Талас– Тараз унаа жолундагы Өтмөк, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

23 Февраль 2026 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча