Астанадагы көчөлөрдүн бирине Ж. Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушканда айтты.

Белгиленгендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.

16 Апрель 2026 жыл 11:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча